super.kg logo

Өкмөт башчы: "Коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгат"

 

Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, анда мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашырылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 19-августта брифингде билдирди.

Ал ошондой эле окуу жылынын башталышы менен коомдук унаанын иштөө графиги кайра каралып чыгарыларын белгиледи.

"Акыркы учурда интернет айдыңында салынып баштаган ооруканалар белгиленген мөөнөттөрүндө бүтпөй калат деген кооптуу маалыматтар чыгып жатат. Биз буга чейин аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында жалпы 12 объект курулуп жатканын кабарлаганбыз, аларга дагы 2 оорукана кошулду. Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районундагы Чайчы айылында.

Учурда 14 оорукананы куруу жана реконструкциялоо боюнча иш жүрүп жатат. Мен өкмөт башчы катары баарыңыздарды ишендирип кетем. Ооруканалар боюнча белгиленген курулуш иштери аба ырайына байланыштуу гана кээ бир объекттилер 4-5 күнгө кечиктирилип калбаса, сөзсүз курулуш аягына чыгарылат", - деп билдирди Боронов.

Анын айтымында, бардык ооруканалар медициналык жабдыктар менен толук жабдылып, тийиштүү персонал ишке тартылат. Бул боюнча бардык иштер жигердүү жүрүп, көзөмөлдө турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
19.08.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боронов маршрутка каттатпайсынбы
19.08.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне деген акмакчылык 3 саатка маршрутка автобустарды токтотуп же эмне вирус именно чак тушто тарайт экенби? силер жон эле иштеп аткан тур корсотуп атасынар типа мы же принимаем меры дегендей.
19.08.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишемби жекшемби күндөрү элди кыйнабай маршрутка каттатып эле койгулачы, баары бир жумушка барыш керек таксиге акча жок [moderated], элдин чөнтөгүнө күч келип жатат Боронов мээңди иштетчи былжырабай, жыйырма сом менен барчу жерге эки жүз сом менен барып келип жатам, үч киши барып келсек алты жүз сом [moderated], сөз жок айбандарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: