Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 17-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө
чейин борбордогу Ак-Босого конушунда, Гагарин,
Хаперск, Репин, Купянский, Исанов, Баялинов, Т.Молдо, Жети-Өгүз, Долон,
Пензенский, Можайский, М.Ганди, Түлөбердиев, Боталиев көчөлөрүндө, Чүй проспектиндеги
№136, 144-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Чүй облусундагы
Сокулук районуна караштуу Манас, Учкун,
Жал, Күн-Туу, Сарбан, Орок, Сокулук айылдарында, Аламүдүн районундагы Кайырма, Арчалы
айылдарында , Чекиш-Ата конушунда электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр”
ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр зымдарды тарттырып, зым тиректерди
алмаштыруу иштерине байланыштуу болот.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















