Сентябрда өлкө боюнча 156 миң 430 бала 1-класска барат

Жаңы окуу жылында өлкө боюнча 156 миң 430 бала 1-класска барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта бир класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлүп, шахматтык тартипте отургузулары айтылат.
"Пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала баштайт. Алардын саны - 156 миң 430. Калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүү уюштурулат.
1-класстарды окутууда тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкты.
Эгерде класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлүп, шахматтык тартипте отургузулат, мектептерде бардык санитардык нормалар сакталат", - деп айтылат маалыматта.
