super.kg logo

Президент Кочкордогу жаңы сугат жерин өздөштүрүүчү ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты

 

Бүгүн, 19-августта президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев 2019-жылы Дүйнөлүк банк менен Кош-Дөбө айылындагы ирригациялык системди реабилитациялоо жөнүндө келишимге жетишилгендигин маалымдады.

Аталган долбоорду толугу менен ишке ашырууда жакынкы үч айыл өкмөтүндө 2 жарым гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков улуттук ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу анын өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгын, бул аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында бүтүндөй бир комплекстүү маселелердин чечилишине өбөлгө болорун дагы бир жолу белгиледи.

"Элинин көпчүлүгү айыл чарбасы менен алектенген өлкөдө ирригация тутумдарын кеңейтүү - бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү маселеси", - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттарына кеңири токтолуп, анын президенттик ишмердүүлүгү мезгилинде ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Жергиликтүү тургундар жалпы облустун өнүгүшүнө жакшы таасир этүүчү Кочкор районунун ирригация тутумдарынын кеңейтилишине ыраазычылык билдиришти.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 3 этаптан турат, алардын экөө 2024-жылдын аягына чейин ишке ашырылат.

Бул мезгил аралыгында 31 суу чарба объектисин пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Натыйжада 27 миң гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 46 миң гектар жердин суу менен жабдылышы жакшыртылат. 2020-жылы 1 миң 700 гектар жаңы сугат жерди өздөштүрүү пландаштырылууда.

Ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууда бюджеттик каражаттар менен катар өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары жигердүү тартылууда, алардын көпчүлүгү грант болуп эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: