super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бир аптадан бери талаадабыз". Оренбург облусундагы мигранттар мекенине келе албай жатышат

 

Оренбург облусунда бул жолу да Кыргыз мигранттарына байланыштуу көйгөй жаралууда. Алар Оренбургда жаш балдары менен ачык талаада жашап жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман билдирди. Анын айтымында, билет сатып алганына карабай, мекенине кайтып кете албай жатышат жана каттамдар уламдан улам кийинкиге жылдырылууда.

Алар буга чейин бийликке кайрылуу дагы жасаган, ага карабай реакция болгон эмес.

"Биздин арабызда кары-картаң, кош бойлуу келиндер жана жаш балдар бар. Ага карабай, биз чатырларда жашап жатабыз. Бул жакка жыргаганыбыздан келген эмеспиз, элди баккан адамдар минтип талаада калса, эч кимден реакция болбой жатат. Биз силерден акча сураган жокпуз, коридор эле ачып берип койсоңор болот. Жашаган жерлерибиз сыз, суу, баарына суук өтүп бүттү. Бир аптадан бери талаада жатабыз. Шайлоого бара жаткан партиялар, маселебизди чечип берип койгула. Эртең эле бизге "шайлаңыздар" деп келесиңер, эл кыйналды", - деп билдирген Кыргы жараны.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
20.08.2020. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай догурунган, бетпак адамдар. Жакында эле баарын апкелбеди беле. Кайра келип алыштыбы? Түшүнөм баарынын эле келгиси келет мекенине бирок цивильный жол менен келсе болот да. Казактарга кайра кайра жалдыратпай. Сабырдуу болуш керек. Оюна келгенде биякка, оюна келгенде тиякка жөнөбой дейди немедей.
20.08.2020. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткыла даагы бир ай элдер учуп эле келип жатат бекер алып кетет деп журосунор ооруу жуктуруп эртен кетебиз деп док урунасынар
20.08.2020. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дагы жаткыла) жол жабык, граница жабык экенин билип туруп жолго чыгасыңар өлүмтүгүңөрдү артып
21.08.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автобус менен 2500 адам келип жатат деген эле го?
Өзбек элин суктандырып. Жаман үйрөнүп калышты барып ыйлактасак алып кетет деп
27.08.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөн эле регулярный рейстер жүрүп баштаганча иштеп жашап эле турса болбойбу Орусияда? Сөзсүз талаага барып жашап алыш керекпи мамлекет келип алып кет деп?!
27.08.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамгыр жаап, силерге суук өтөөрүн талаада билесиңерда. Эмнеге талаага барасыңар? Сентябрда ачылат да регулярный рейстер. Кыргызстанда жумуш жок! Ишиңер бар экенине эле сүйүнүп жашай бербейсиңерби?
27.08.2020. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин бул жашоого төрөлгөнүңөргө дагы мамлекет күнөлүүбү?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: