Бишкекке Новосибирсктен Кыргыз жарандары учуп келди
19-августта "Манас" Эл аралык аэропорту "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Новосибирск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Орусиядан 185 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасаткандар киргизилген. Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Петропавловск-Камчат, Якутск ошондой эле Сибир Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.





1 |