Өлкөдөгү 23 шаардын жана 40 райондун ички жолун куруу жана ремонттоо пландаштырылган
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент аймактарды өнүктүрүүдө зарыл болгон ички жолдорду куруу жана реконструкциялоонун маанисин белгиледи.
"Жүргүнчүлөр менен жүктөр ташылган жолдор өлкө экономикасынын артериясы болуп саналат. Аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, ооруканалар менен мектептерди оңдоп-түзөө жана башка социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн минималдуу жол инфратүзүмү болушу зарыл. Кайсы гана иш болбосун жолсуз башталышы мүмкүн эмес", - деди мамлекет башчысы.
Президент айыл жерлериндеги жолдордун начар абалына байланыштуу жыл сайын өлкөнүн ар бир районунун борборунда 3 километр жолду оңдоп-түзөө боюнча мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынгандыгын эске салды.
Ушул жылы өлкөдөгү 23 шаардын жана 40 райондун 153 километр ички жолун куруу жана ремонттоо пландаштырылган. Дээрлик бардык иштер ата мекендик жол-эксплуатациялоо ишканалары тарабынан аткарылат.
Мамлекет башчысына Кочкор айылынын борборун тартипке келтирүү максатында 3 километр көчөгө асфальт басылып жатканын маалымдашты.
12 миллион сомдук бул иштер республикалык бюджеттен каржыланууда. Жолдордун курулушу июль айынын аягында башталган, күзүндө жыйынтыкталат. Азыркы учурда жолдор түздөлүп, шагыл төшөлүүдө.
Бул жерде дагы Сооронбай Жээнбеков турак жай жана жер көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди көтөргөн жергиликтүү тургундар менен баарлашты.
