Президент Кочкор районундагы сүт иштетүүчү ишкананын ишмердиги менен таанышты






Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы сүт иштетүүчү ишкананын ишмердиги менен таанышты.
Ишкананын жетекчиси Болот Төлөнов учурда заводду кеңейтүү максатындагы долбоордун алкагында жалпы сметалык баасы 72 миллион сомду түзгөн, эл аралык стандарттарга ылайыкташкан жаңы сүт заводунун курулуп жатканын маалымдады.
Өндүрүштү кеңейтүү сүттү кайра иштетүүнү суткасына 10-20 тоннага чейин жеткирип, 100-150 жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана Кочкор, Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Буга чейин ишканага насыялык колдоону "Айыл Банк" көрсөтүп келген. Бүгүнкү күндө долбоорду толук жүзөгө ашыруу үчүн дээрлик 26 миллион сом кошумча каражат талап кылынат.
Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылган ишкананын ийгиликтерин канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчы долбоорду ишке ашырууда жана заводдун ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап, мамлекет региондордо ишкердикти колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын эске салды.
"Мамлекет менен инвесторлордун каражаттары орто жана чакан ишканаларды колдоого багытталууда, бул келечекте өлкө экономикасынын бирдиктүү өнүгүшүнө кепилдик берет", - деди президент.
Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында каржы институттарынын жеңилдетилген каражаттары жер-жерлердеги ишкерлерди, фермерлерди, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн артыкчылык менен багытталып жатканын дагы бир жолу канааттануу менен белгиледи.
