super.kg logo

Штаб: "Вирустук инфекциянын мезгилине карата вакциналар сатып алынууда"

 

Алдыдагы курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун эпидемиялык мезгилине карата каршы вакциналар сатып алынууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, COVID-19 менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, сасык тумоого жана пневмококко каршы вакциналарга болгон муктаждыкты эсептеп чыккан.

"Сасык тумоонун көбөйүшү, эрежеге ылайык, суук мезгилде башталат жана март айына чейин созулат. Буга грипп вирусунун төмөнкү температураларга туруктуулугу жана гипотермия учурунда адамдын коргонуу деңгээли төмөн болушу өбөлгө түзөт. Алдыдагы 2020-2021-жылдардагы эпидемиялык мезгилинде сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана жаңы түрлөрүн аныктоо, ошондой эле башка курч респиратордук вирустук инфекцияларды диагноздоо үчүн 1000 изилдөөгө реагенттерди жана тест-системаларын сатып алууга өтүнмө берилген.

Алдыдагы 2020-2021-жылдарга эпидемиялык мезгилге (күз-кыш) даярдык көрүү максатында тендер өткөрүлүп, тумоого каршы 135 миңден ашуун вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү жана тобокелдик топтору үчүн дагы 700 миң дозада гриппке каршы вакцина алуу үчүн кошумча өтүнмө даярдалды. Сасык тумоого каршы эмдөө жеткирилгенине жараша сентябрдын аягында башталат. Биринчи кезекте, эмдөө тобокел тобуна арналган. Алар медициналык кызматкерлер, өпкөнүн, жүрөктүн, боордун, бөйрөктүн өнөкөт оорулары бар жактар. Көп ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн жана интернат-мектептердин тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, диабети бар жарандар, 65 жаштан улуу адамдар жана башкалар", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: