Орусия чыгарган вакцинанын сыноосуна Мексика өлкөсү катышууну каалайт
Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард орусиялык вирусологдор иштеп чыгып жаткан вакцинаны сыноого катышкысы келерин Твиттердеги баракчасына жазып чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык ал "Спутник V" деп аталган вакцинаны сыноонун үчүнчү мөөнөтүнө катышуу ниетин айткан. "Бул мексикалыктардын вакцинаны кыска мөөнөттө, арзаныраак алуусуна шарт түзөт", - деп жазган Эбрард өз билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек Мексикада коронавируска чалдыккан адамдар жарым миллиондон ашты. Ал эми илдеттен 57 миңден ашуун адам көз жумган. Ошондой эле 363 миңден ашык бейтап айыгып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.