Бишкекте патрулдук милиция адашып калган кыздын ата-энесин таап беришти
Бишкекте патрулдук милиция кызматы адашып, үйүн таппай калган кызды ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралаа аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-август күнү саат 22:30 чамасында патрулдук милиция кызматы көчөдө нөөмөтүн өтөп жатышкан убакта Иса Ахунбаев көчөсүнөн жалгыз, адашып жүргөн кызды көрүшкөн. Анын жашы болжол менен 5терде болгон. Ал кызматкерлерге адашып кетип, үйүн таппай жатканын айтып берген.
Милиция кызматы көп өтпөй кыздын аты-жөнүн тактап, анын жашаган үйүн аныкташкан. Андан соң, ата-энесине өткөрүп беришкен.
Ошол эле убакта кыздын жакындары милицияга ыраазычылык билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.