super.kg logo

Ысык-Көл райондук ооруканасынын капиталдык оңдоо иштери 80 пайызга аткарылды

 

Чолпон-Ата ​ шаарындагы 70 орундуу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлмөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери 80 пайызга аткарылып жана толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"Имараттын демонтаждоо иштери 100 пайызга аткарылып, эски эшик-терезе, инженердик түтүктөрү ажыратылып жана дубалдардын шыбактары түшүрүлгөн. Бүкүнкү күнгө жасалгалоо жумуштары боюнча чатырдын кайрадан 80 пайызы жабылып бүтүп жана калган ички жасалгалоо жумуштары 100 пайызды түзөт. Ошондой эле ​ электромонтаж 85 пайыз, сантехникалык иштери 50 пайызга жаңы терезелер орнотулуп, сырткы шыбак жана имараттын маңдайын жасалгалоо 95 пайызга бүттү.

Учурда канализация жана суу түтүктөрүн орнотууга траншея казылып бүттү. Ал жерде 32 адам эмгектенип жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: