super.kg logo

Шайлоо-2020: Кыргыз өлкөсүнүн 82 пайыз жараны кимге добуш берерин билишпейт

 

"Общее дело" коомдук фондунун серепчилери Кыргыз өлкөсүнүн жарандары шайлоодо кайсы партияны тандай турганын билиш үчүн социологиялык сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого катышкан респонденттердин 82 пайызы кимге добуш берерин билишпей турганын айтышкан. Бул тууралуу маалымат фонддун расмий сайтына жарыяланды.

Ошол эле учурда 75,6 пайыз жаран шайлоого келип катыша турганын айтышкан. Сурамжылоого ылайык, күтүлүп жаткан жыйынтык катары алар коррупцияны жоюу, өнөр жай тармагын калыбына келтирүү, мамлекеттүүлүктү, чек араларды бекемдөө, сот органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу жана коронавирустун экономикалык кесепеттерин жеңүү болуп саналарын айтышкан.

Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 20-августка чейин саясий уюмдар курултай өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Шайлоо 4-октябрда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
20.08.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Достойный эч ким жок болуп жатса билбейбизда. Ыйман нуру деген партия тузук окшойт деп ойлойм.
20.08.2020. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо элдин кобу ишенбейт азыркы партияларга ишенейин десе ишенчтуусу да жок болуп атат да. Кайра эле эски партиялар арасына бираз жаштарды кошуп туруп келген атат. Ал жаштар эски карышкырлардын тилинен чыга албайт. Аты эле озгорбосо бир эки жаш саясатчылыр менен заты ошо эле бойдон.
20.08.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейт турсун шайлоого катышпай коюш керек.
20.08.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Партиянын составы аныкталып,платформалары менен эл таанышканда анан аныктайт да кимге голос беришин.Азыр наркы же берки партияга оонамай оюн журуп жатат.Копчулук партиялар чачылып башкага кошулуп атса,кээлери оюндан чыгып жатат.
20.08.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен эч түшүнө албай келем да , баардык бийлик иштеймин деп келет , максаттары өнүктүрүш, бийликке келгенден кийин реско 360 градуска бурулат .Мейли жэйт дейли , жегиле деген да бир үчүнчү күчтөр барбы деген ой келет да .Кыскасы кандайдыр бир күчтөр бар , аларды баары угат .Мен ошондой деп ойлой берем да негедир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: