super.kg logo

Шайлоо 2020: Шайлоого катышып жаткан VI чакырылыштын депутаттары ыйгарым укугун жоготушпайт

 

Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ага ылайык, азыркы депутаттар шайлоо учурунда башка талапкерлердей эле катыша берери айтылат.

"Шайлоодон кийин жаңы чакырылыштын курамы түзүлгөндө жаңы курамдагы ак сакал биринчи отурумду ачат. Ошондон тартып мурунку чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат", - дешти БШКдан.

Буга карата SUPER.KG порталынын "2015-жылдагы шайлоодо дагы ушул эреже колдонулганбы?" деген суроосуна БШК мүчөсү Гүлнара Журабева: "Учурда шайлоого катышып жаткан бардык талапкерлерге карата бирдей эрежелер иштейт. 2015-жылы деле ушундай болгон" , - деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү бүгүн, 20-августта аяктайт. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталат. Шайлоого 36 саясий партия аттанып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: