super.kg logo

Сутка ичинде 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

 

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 14 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.

Бишкек шаарында – 3;
Чүй облусуда – 1;
Ош шаарында – 1;
Баткен облусунда – 6;
Жалал-Абад облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 2 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медкызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 59 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 372 медкызматкер айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: