super.kg logo

"Үйдөн дарылангандын кесепети". Жалал-Абадда 40ка жакын бейтап өтө оор абалда жатат

 

Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда 40ка жакын бейтап өтө оор абалда жатат. Алардын бардыгы убагында ооруканага көрүнбөй, үйдөн дарылангандар экенин саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

"Ооруканаларга кайрылган бейтаптардын арасында оор жана өтө оор абалда келгендери дагы болуп жатат. Айта кетсек, Аксы районунда бүгүнкү оор абалда жыйырмадай бейтап жатат. Статистиканы карасак, Чаткал районунда дагы жыйырмага жакын биздин бейтаптар өтө оор абалда жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүп жатат.

Бул эмнени түшүндүрөт? Анткени үйгө жатып алып, өз алдынча дарылангандын кесепетинен ушундай болуп жатат. Биз дагы ушундай тыянакка келип жатабыз. Анткени бүгүнкү күндө биздин ооруканаларда орундар жетиштүү болуп жатат. Эгерде оорунун белгилери байкалса тезирээк келип кайрылып, атайын бериле турган дарылоо схемаларын туура алып, ооруканаларда дарыланса туура болот", - деди Үсөнбаев.

Мындан тышкары ал бул оорудан каза болгондорду жокко чыгарууга чогу аракет кылууга үндөдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: