"Дээрлик жарым жылдан соң". Пекинде биринчи жолу бет кап кийүү режими алынды
Пекинде бүгүндөн баштап көчөдө бет кап кийүү режими алынды. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын айынан Пекинде январь айында жашоочуларга көчөдө бет кап кийүү милдеттендирилген. Бүгүн, 20-августтан баштап мындай режим алынды.
Учурда Пекиндеги ооруканада коронавирустан жабыр тарткан бейтаптардан экөө гана калган. Бардык аймактарды эпидемиологиялык абалдын кооптуулугу азайды.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети Кытайдын Ухан шаарында декабрь айынын аягында чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.