Көк бөрү боюнча 31-августка пландалган президенттин кубогу октябрда өтөт
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында көк бөрү боюнча президенттин кубогу эпидемиялык абалга байланыштуу ушул жылдын октябрь айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Аталган иш-чараны уюштуруу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык 2020-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүү пландалган.
Мамагенттик мелдештин датасын жана өтө турган жерин алдын ала жарыялайт.
Белгилей кетсек, мелдештердин жүрүшү КТРКнын Спорт телеканалынан көрсөтүлөт.
Сурап билүү телефону: 0708 52 17 65.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.