super.kg logo

Вице-премьер чектеш райондорду өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өлкөнүн чектеш райондорун өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн-кеңешме болуп өткөн, анын жүрүшүндө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелер, анын катарында чек арага тийиштүү маселелер да талкууланды.

"Чек ара маселелерин чечүү өкмөттүн бирден-бир артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Бюджеттеги тартыштыктарга карабастан, чектеш райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасында пландаштырылган пункттарын каржылоо жана ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө турат", - деди Акрам Мадумаров.

Кеңешменин жүрүшүндө бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде Баткен облусунда логистикалык борборду куруу боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: