super.kg logo

Кытай тарап Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы улуттук вакцина менен бөлүшкөнгө даяр экенин билдирди

 

Кечээ, 19-августта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен кезектеги телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Кытайдын тышкы иштер министри Кытай тарап Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы улуттук вакцина менен бөлүшкөнгө даяр экенин билдирди.

Коронавирус инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн айтты.

COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташтык маселесинде министр Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына регулярдуу негизде олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн кытай тарабына ыраазычылык билдирди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн аягында тараптар достук жана жакшы кошуналык мамилелерди бекемдөө үчүн Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара умтулуу бар экендигин тастыкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
20.08.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу кытайдан алыс эле ойнободукда
20.08.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын дилден жардам бербейт го кытай, бир максаты бар да. Ушундай кырдаалдан пайдаланып жардамдашымыш болуп акырындан саясатын жургузушот булар.
20.08.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин чондор чын эле ,Кытайдын жакшылыгы жок экенин билбейби? Же элибиздин ден соолугуна пофигу мамиле кылабыз? Тушунбодум!
20.08.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакцинанын акысына кайсы жерди убада кылышты экен а
20.08.2020. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Iy Kitaydin vaksinasin alam dep olgongo komgon bolboso eken~al vaksina emei ele virus bolsochu~~
20.08.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кытай тойгозду, канча адамдарыбыздын омурун алды, дагы нени баштап жатат эми. Зоорго тынчып баштаганда, кутулбас болдук го булардан.
20.08.2020. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир вирусту жонотот ошол вакцина менен кошо албайбыз китайский вакцинаны
20.08.2020. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лучше Орусия иштеп чыккан вакцинаны алыш керек. Америка, Кытай сыяктууларга ишенич жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: