Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жаңы башчысы жарандарды кабыл ала баштады
Шаардык кызматтардын жетекчилери шаар тургундары менен тыгыз кызматташып келет. Калаада эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калгандыктан, шаардыктарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүнкү күндөн баштап Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азамат Кадыров шаар тургундарын кабыл ала баштады.
Биринчи кабыл алууга 22 шаар тургуну келди. Көбүнчө шаардыктар күркө жана башка жеңил типтеги объектилерди орнотууга уруксат берүү, мыйзамсыз орнотулган объектилерди, жарнама конструкцияларын алуу маселелери боюнча кайрылышты", - деп билдиришти мэриядан.
Азамат Кадыров бардык көйгөйлөрдү угуп, айрым маселелерди сүйлөшүү учурунда чечти. Башкармалыктын өкүлү дайыма байланышта. Анын вотсап номуру: 0703 633 833.
Жолугушуулар санитардык талаптарды катуу сактоо менен өткөрүлүп, аралык сакталды.
Урматтуу шаар тургундары! Көйгөйлөрдү мэриянын ыкчам чараларды көрүү кызматына 18 40 жана 18 50 номуруна чалып калтырсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеофактыларын 0554 182 185 номуруна калтырыңыз.
