Эмдөө иштери акысыз жүргүзүлөт. Республика боюнча пландык эмдөө өз нугунда жүрүүдө



Бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тиешелүү санитардык нормаларды сактоо жолу менен эмдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, республикалык эмдөө борбору жыл соңуна чейин пландык иш-чаралардын 90 пайыздан көбүн ишке ашырууга белсенүүдө.
"Республикалык эмдөө борбору тарабынан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлор уюштурулган. Эмдөөгө келгендердин дене табы аралыктан өлчөнүп, колдору антисептик менен тазаланган соң эмдөө бөлмөсүнө коё берилүүдө. Муну менен бирге эмдөөгө чейин жана эмдөөдөн кийин 30 мүнөт аралыгында ар бир баланын саламаттыгына дыкат медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат", - дейт Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.
Өлкөдө эмдөө иштери улуттук календардык планга жараша акысыз жүргүзүлүп келет.
