super.kg logo

Өлкө боюнча жумушсуз адамдардын саны 100 миңден ашты

 

2020-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 102 миң адамды түзгөн, алардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар 78,6 миң адам. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта расмий жумушсуздуктун деңгээли 31,1 пайызды түзгөнү айтылат.

"2020-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 62,9 миң адам кайрылган. Мындай учурда иш менен камсыз кылуу кызматы эмгек рыногунун талабын эске алып, кайрылган жарандарды белгилүү бир кесипке акысыз окутууга жөнөтөт. Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге өткөрүлгөн.

Бул - газоэлектроширеткич, чач тарач, компьютер оператору, 1С билген бухгалтер, ашпозчу, швея, бычмачы, офис-менеджер, электромонтаждоочу, айдоочу болгон. 2020-жылдын 1-июлуна карата кесиптик окутууга жалпысынан 2,7 миң адам жиберилген. Мындан тышкары акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 7 миң адам жөнөтүлгөн. Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 6,9 миң жумушсуз ишке орноштурулган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.08.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Екатеринбурдамын магазин, рестарандарга адам жок эстери ооп жатат, повар, грузчик, сатуучу, (кассир) ж. б. у. С
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: