Президент Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты











Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров жаңы эксперименталдык имараттын сыйымдуулугу 70 орунга эсептелгенин эске салды.
Бүгүнкү күндө жер жумуштары, имараттын каркасын тургузуу иштери аяктап жатат. Курулуш иштерин 2020-жылдын сентябрь айынын аягында толугу менен бүткөрүү мерчемделген.
Президент узак жылдар бою өлкөдөгү ооруканаларда орундарды жана аймактардагы медициналык мекемелерди кыскартуу боюнча терс көрүнүштөр болуп келгендигин белгиледи.
Мындай иштерге карабастан медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясынын пандемиясына татыктуу каршылык көрсөтүшкөндүгү үчүн Сооронбай Жээнбеков аларга дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.
Учурда мамлекет башчы белгилегендей, өлкө аймактарында ооруканаларды куруу жана реконструкция кылуу мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги милдеттеринин бири болуп калды.
Ал Нарын облусунун климаттык шартын эске алуу менен жаңы имаратты сапаттуу куруунун маанисине токтолду. Ошондой эле саламаттыкты сактоо системине санариптештирүүнү киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.
"Мамлекеттик чиновниктер өлкө жарандарына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү. Жогорку окуу жайларда жана мектептерге санариптештирүүнү тез арада киргизүү менен билим берүү системи коронавирус инфекциясы жайылган мезгилде келип чыккан көйгөйлөрдү чече алды. Эми ооруканаларга дагы санарип технологиялар киргизилиши керек. Өлкөбүздө президент менен айыл өкмөтүнөн баштап баары санариптештирүү процессине тартылышы керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт", - деген Сооронбай Жээнбеков.
