Авариялык абалдагы мектептердин жаңы имараттарынын курулушу ушул жылдын күз айларында аяктайт
Авариялык абалдагы мектептердин жаңы имараттарынын курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул маселе бюджеттик тартыштыкка жана пандемияга карабастан өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат. Авариялык абалда деп таанылган 29 мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Алардын ичинен 11и жакынкы арада колдонууга берилет. Муну менен катар 14 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул жумуштар өз убагында бүткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат.
Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, өкмөт каражаттын тартыштыгына жана эпидемиологиялык кырдаалга карабастан өзүнүн бардык социалдык милдеттенмелерин аткарууда жана өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууну улантууда.
Жакынкы мезгилде 100дөн ашуун социалдык жана билим берүү тармагындагы, ошондой эле бир катар ирригациялык объекттерди оңдоо жана куруу иштери аяктайт. Калкты таза суу менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ушул маселелердин бардыгын жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттен зарыл каражат бөлүнгөн.
