Вице-премьер анестезиология жана реаниматология кызматын өнүктүрүү маселесин талкуулады
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга баруусунда реаниматолог-анестезиологдор менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун алкагында анестезиология жана реаниматология кызматынын актуалдуу маселелери, өлкө боюнча жандандыруу бөлүмдөрүнө жабдуу, кадрларды даярдоо, педиатриядагы анестезиология жана реаниматология кызматынын курч маселелери жана жандандыруучу көмөк көрсөтүү өзгөчөлүгүнө жараша медицина кызматкерлеринин маянасына тийиштүү көйгөйлөр талкууланды.
Вице-премьер-министр COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар, анын ичинде президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча курулуп жаткан жаңы ооруканалар тууралуу маалымат берди.
Жаңы курулуп жана реконструкцияланып жаткан ооруканалардагы жандандыруу бөлүмдөрдү жана блокторду, интенсивдик терапия палаталарын кычкылтек менен камсыздоо маселесине басым жасалды.
Реаниматолог адистер кызматты оптималдаштыруу, заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана кызматка жаш адистерди тартуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын анестезиолог жана реаниматологдорунун бирдиктүү кызматынын жобосуна тийиштүү сунуштарды беришти.
Аида Исмаилова дарыгерлерге ыраазычылык билдирүү менен медицина кызматкерлери менен жумушчу кеңешмелерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнүн манилүүлүгүн белгиледи.
