super.kg logo

Президент өлкөдөгү электр кубатын иштеп чыгуунун негизги булактары болуп саналган ГЭСтерди реконструкциялоонун маанисин белгиледи

 

"ГЭСтерди өз убагында модернизациялоо калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен туруктуу камсыздайт, ал өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө негиз болуп, адамдардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берет", - деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Нарын облусундагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо менен таанышуунун жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүнкү күндө станцияда модернизациялоо иштери уланууда, реконструкциялоону толугу менен аяктоо 2022-жылга пландаштырылган жана аны менен Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугун көбөйтүүгө өбөлгө түзүлөт.

Мамлекет башчы өлкөнүн негизги энергетикалык объектилерин модернизациялоо жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи.

Станциянын жалпы белгиленген кубаттуулугу 40 мегаватты түзөрү айтылды.

Ат-Башы дарыясынын башаты деңиз деңгээлинен 4 миң 542 метр бийиктикте турат. Электр кубатын өндүрүү Ат-Башы дарыясынын көлөмүнө жана сарпталышына, ошондой эле негизги жана көмөкчү электр-механикалык жабдуулардын техникалык абалына түздөн-түз байланыштуу.

2020-жылдын 1-июлуна карата швейцариялык гранттан 647 миллион сом жана "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКсынан 266 миллион сом негизги жабдууларды жана башка муктаждыктарды сатып алууга жана алмаштырууга бөлүнгөн.

Президент өлкөдөгү электр кубатын иштеп чыгуунун негизги булактары болуп саналган ГЭСтерди реконструкциялоонун маанисин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.08.2020. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маанисин белгиледи,болушу керегин айтты,ойлоду,кайталады,деп журуп урматтуу президентибизге 3 жыл отту. жасады, бутурду,токтотту,болтурду деген создор качан айтылат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: