Бишкек шаарындагы таштанды полигонунда иштегендерге 1 тонна ун таратылды
Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда иштеген жарандарга муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен 1 тонна ун таратылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти."Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунда эмгектенген жана күнүмдүк тамак-аш үчүн жалданып иштеп, акча тапкан жарандарга 1 тонна ун таратылды.
Иш-чарада Кыргыз мамлекетинин Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү Султан ажы Момунов жана Эстебес ажы Ажыкулов бул жолу 100 үй-бүлөгө таратышты", - деп билдиришти Муфтияттан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:58
2026-03-11
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















