super.kg logo
  Спорт  

Марсель шаарында финал күнү "ПСЖ" клубунун формасын кийүүгө тыюу салынды

 

Франциянын түштүгүндөгү Марсель шаарында Чемпиондор Лигасынын финалы өтө турган күнү, тагыраагы 23-августта париждик "ПСЖ" клубунун формасын кийип жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, тыюу салуу "ПСЖ" клубу "Баварияга" каршы ойной турган Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнуна түздөн-түз байланыштуу.

"Финал болгон күнү күйөрмандардын пландалган иш-аракеттерин тастыктоо үчүн эч кандай маалымат түшпөсө дагы, коомдук тартиптин бузулушун болтурбоо чечими кабыл алынды", - деп билдиришкен полициянын штабы.

Бул күнү Марсель шаарында "ПСЖ" клубунун формасын гана эмес, шарфтарын дагы тагынууга тыюу салынат.

Футбол боюнча Франция чемпиондугунда (Лига 1) "ПСЖ" клубу "Марсель" клубунун негизги атаандашы. Бул эки команданын оюну болгон күнү күйөрмандар ортосунда кагылышуулар көп болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: