21-22-августта өкмөт башчы Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат
Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, "Таза суу" долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.
Мындан тышкары Кубатбек Боронов Каракол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын оңдоп-түзөө иштери менен таанышат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:52
2026-03-10
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Супер,мурдагуну эле каза болгондордун саны 1499 плюс 1 адам каза болду деп журбоду беле,ошондо 1500 болуш керек эмеспи?Неге кайра эле 1499? Текшергилечи хрониканарды...