Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам жаракат алып, бир адам каза болду
Бишкек-Ош унаа жолунун, тактап айтканда Жаңы-Жол айыл аймагынын Арал тилкесинде эки унаа сүзүшүп, 1 адам жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Volkswagen Passat жана BMW үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон.
Кырсыктын кесепетинен унаалардан өрт чыгып, куткаруучулар жеткенге чейин өчүрүлгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркап, 1967-жылы туулган 1 эркек адам ооруканада каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.