super.kg logo

Министр менен карылар үйүнүн мурдагы директорунун ортосундагы чыр. Эми иш "алдамчылык" беренеси боюнча реестрга катталды

 

Бишкектеги социалдык стационардык мекеменин (карылар үйү) мурунку директору Эркингүл Абдылдаеванын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровду жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча берген арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Алдамчылык" беренеси боюнча катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Абдылдаеванын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

"Эркингүл Абдылдаеваны жумуштан алуу боюнча Кочкоровдун буйругу соттун үч инстанциясынан тең мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылган. Бирок министр соттун чечимин аткарган жок. Буга байланыштуу Биринчи Май районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмү тарабынан соттун чечимин аткаруу боюнча өндүрүш иши башталган. Соттун чечимине ылайык, Абдылдаевага жумушка аргасыз келе албай жүргөн күндөрү үчүн эмгек акысы төлөнүп, ал кайрадан жумуш ордуна алынышы керек эле. Улугбек Кочкоров 5-августта Абдылдаеваны чакырып, аны 4-августтан баштап жумушка алуу боюнча соттун чечими менен тааныштырган. Бирок бир күн да иштегенге мүмкүнчүлүк бербей туруп кайрадан жумуштан бошотуу тууралуу буйругун чыгарган. Мындан тышкары соттун чечиминдеги иштебей калган күндөрү үчүн эмгек акысы жана башка төлөмдөр төлөнүп берилсин деген бөлүгү аткарылган эмес. Ошол себептен Эркингүл Абдылдаева Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгана кайрылууга мажбур болду. Берилген арыздын негизинде иш бирдиктүү реестрге катталып, учурда тергөө башталды", - дейт жактоочу.

Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине байланышканыбызда төмөндөгүдөй жооп беришти:

"Эркингүл Абдылдаева кызмат ордунда иштеп турганда мамлекетке 5 миллион сомдон ашык чыгым келтирген. Карылар үйүнө келип турган гуманитардык жардамдарды ал жактагы карыялар албай келген. Мындан тышкары Абдылдаева иштеп турган чакта кары адамдарды стационарга жайгаштыруу үчүн алардын туугандарынан акча алуу фактылары болгону дагы маалым. Бул фактылар аныкталгандан кийин дагы башка мыйзам бузуулар орун алганы ачыкка чыккан. Андыктан ал ээлеген кызматынан бошотулган", - дешти министрликтен.

Маалым болгондой, Бишкектеги социалдык стационардык мекеменин (карылар үйү) мурунку директору Эркингүл Абдылдаева Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровду 2019-жылдын ноябрь айында сотко берген. Буга анын 2019-жылдын 31-октябрында жумуштан мыйзамсыз бошотолушу негиз болгонун жактоочусу билдирген. Андан бери иш Биринчи Май райондук сотунда, Бишкек шаардык жана Жогорку соттордо каралган. Үч инстанция тең чечимди Абдылдаеванын пайдасына чечкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
21.08.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Шайлоо алдында каралоо иши жүрүп жаткандай
21.08.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
10000 сом айлык учун эмне мынча жанталашат десе корсо май талкан турбайбы ал жагын. Кары картандын акчасын жегенден коркпогон аял экен да
21.08.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бул жерде Улугбек Кочкоровко ишенем себеби ал эл жер үчүн иштеген адам!
21.08.2020. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
У.Кочкоров аял киши экен деп боору ооруп текшерүүнүн жыйынтыгы менен сотко бербей кызматтан эле алып койгон экен да,боор ооруусаң боорго тебет деген ушул.
22.08.2020. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эркинкул деген ото коптуу аял. Аферист экен 100%.Абдан митаам. Уй мулкун конфикациялап атууга алсада аздык кылат.Акча дегенде жата калган аял.
Кудайдан коркпойт окшойт. Былыгы коп жакшылап казыш керек.Кызмат учун олуп ататда. Кочкоровду жаман аттуу кылгысы бар. Мен Кочкоровдун эч кимиси эмесмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: