БУУнун изилдөөсү: Үй-бүлөдөгү зомбулук фактыларынын 70 пайызы тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу токтотулган













Үй-бүлөдөгү зомбулук фактыларынын 70 пайызы тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу токтотулган. Мындай маалыматты Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү изилдөө жыйынтыгы көрсөткөн.
Маалыматта, 2019-жылдын тогуз айында 269 иш ("зордуктоо") беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштө болгон, алардын 200ү токтотулуп, 17 иш сотко өткөрүп берилген.
54 кайрылуу "16 жашка чыга элек секелек менен жыныстык катнашта болуу" беренеси боюнча катталгандыгы аныкталган.
Изилдөө үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы боюнча арыздангандардын көпчүлүгү 30-39 жаштагы аялдар экендигин көрсөткөн.
Белгилей кетчү нерсе, 2019-жылдын тогуз айында Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда "Үй-бүлөдөгү зомбулук" беренеси боюнча 3 миң 686 кылмыш катталган. Алардын ичинен 70 пайызы сотко чейинки өндүрүш баскычында токтотулган.
Зомбулук көбүнчө жубайы, атасы, өгөй атасы тарабынан денеге залал келтирүү түрүндө болору аныкталган.
Үй-бүлөлүк зомбулук токтотулган бардык учурларда, жабырлануучу аялдар арызын кайра алып, тараптардын элдешүүсүнө негиз боло турганын аныкталган.
