super.kg logo

"Тынч укта, бир тууганым!". Нурали Алиев Айсултан Назарбаевдин архивдик сүрөттөрүн жарыялады

 

Дарига Назарбаеванын тунгуч уулу Нурали Алиев социалдык тармактагы жеке баракчасына каза болгон иниси Айсултан Назарбаевдин эч жакка жарыялана элек архивдик сүрөттөрүн жарыялады.

Анда Айсултандын балалык кезинен баштап Улуу Британиянын "Сандхерст" аскердик академиясында окуп жаткан учуруна чейинки сүрөттөр бар.

"Тынч укта, бир тууганым!" - деп жазган Нурали Алиев жарыялаган сүрөттөрүнүн алдына.

Буга чейин да Нурали Алиев видео жүктөп, инисине арнап пост жазган.

"Сүйүктүү бир тууганым Айсултан, менде азыр болуп жаткан жагымсыз учурду сөз менен айтып жеткире албайм. Сен менин оюмда түбөлүккө каласың, жаткан жериң жайлуу болсун!", - деген Алиев.

Белгилей кетсек Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев 16-августта каза болгон. Өлүмдүн себеби катары Айсултандын жүрөгү токтоп калган деп кабарланган. Ага карабай, кээ бир маалымат булактары аны баңгиге ууланган деп жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: