super.kg logo

Телесабактарга тартылып жаткан мугалимдерге кезектеги окутуу өткөрүлдү

 

Билим берүү жана илим министрлиги телесабактарга тартылып жаткан мугалимдерге кезектеги семинар-тренингин өткөрдү. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул жолу окутуу аралыктан билим берүү боюнча координаторлор тарабынан тарых, адам жана коом, математика сабагынын мугалимдерине уюштурулду.

Катышуучуларга сапаттуу видеосабакты даярдоо, тартуу тууралуу усулдук сунуштар, кеңештер берилди. Ар бир мугалим талкууга жандуу катышып, кызыккан суроолоруна жооп алды. Буга чейин тартылып даярдалган сабактар көрсөтүлүп, анализ жүргүзүлдү.

Телесабактарга тандалып алынган 260дан ашуун мугалим тартылып жатат. "Санарип мугалим" бир айлыгынын алкагында аларга семинар-тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Буга чейин география, кыргыз тил мугалимдери окутуудан өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: