Үсөнбаев: "Илдеттин экинчи толкунун күтүп, дары-дармек сатып алуунун кажети жок"
Коронавирустун экинчи толкунун күтүп, дарыканалардагы көп сандаган дары-дармектерди сатып алуунун кежети жок экендигин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев брифинг учурунда билдирди.
"Урматтуу мекендештер, коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. Үй шартында дары-дармек каражаттарын туура эмес сактоо анын курамынын өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал, кесепетинде ал дарыны ичүү натыйжасыз болуп же ден соолугуңузга зыян алып келиши мүмкүн", - деди Нурболот Усенбаев.
Ошондой эле жеке жактардын колунан дары-дармектерди сатып алуу сунушталбайт. Анткени алардын жасалышы жана сактоо шарттары белгисиз. Бул дагы сиздин ден соолугуңуз үчүн кооптуу болушу ыктымал!
