super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи күнүн кыргыз балбандары медалсыз жыйынтыктады

 

Венгрияда 16-22-сентябрь күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык эркин күрөшчү Алексей Крупняков (96 килограмм) коло медаль үчүн болгон күрөштө орусиялык Анзор Болтукаевке 8:5 эсебинде жеңилип калды. Дагы бир кыргызстандык балбан Алтынбек Алымбаев (55 килограмм) чейрек финалда утулуп, көңүл жубатырлык беттешке укук алган, бирок алгачкы беттеште казак балбанына утулду. Ал эми Улукман Маматов (66 килограмм) биринчи беттешин жеңип, экинчи беттеште грек балбанына жеңилди. Ошентип мелдештин биринчи күнүн кыргыз балбандары медалсыз жыйынтыктады. Жалпы жыйынтыкта Алексей Крупняков 5-орун, Алтынбек Алымбаев 8-орун жана Улукман Маматов 18-орунду ээледи. Ал эми бүгүн, 17-сентябрда 60, 84 жана 120 килограмм салмак даражасында медалдар ойнотулат. Кыргызстандан Базар Базаргуруев (60 килограмм) менен Айаал Лазарев (120 килограмм) килем үстүнө чыгат. Базар Базаргуруев  Фрэнклин Гомес Матоско (Пуэрто-Рико) , Айаал Лазарев Йоханес Кесселге (Германия) каршы күрөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: