Орусияда коронавирустан айыккан адамдардын саны 760 миңден ашты
Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 870 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 90 адам каза болсо, 5 миң 817 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 690 (айыккандар 1160);
Санкт-Петербург шаарында - 181 (айыккандар 101);
Москва облусунда - 151 (айыккандар 134);
Ставрополь аймагында - 132 (айыккандар 117) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 946 миң 976 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 189у каза болсо, 761 миң 330у айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.