super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Тоң районунун Жер-Үй айылын каптаган селдин кесепети жоюлду

 
16-17-августта Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Үй айылында катталган табийгый кырсыктан улам тоо башындагы көл ташып, жайлоодогу малчылар менен айыл элин байланыштырып турган жолду жараксыз абалга алып келген. Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунан кийин "Кумтөр" 7 тонна күйүүчү май жана 2 техника бөлүп берип, бүгүнкү күндө тазалоо иштери соңуна чыкты. Техникалардын жана кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында учурда бузулган суу каналы жана жайлоого кетчү жол калыбына келтирилди. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: