Издөө салынат! 21 жаштагы Эрлан июль айынан бери дайынсыз болууда
Бишкекте дайынсыз болуп жткан 21 жаштагыЭрлан Байышбек уулу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-июль күнү А.Э. аттуу жаран баласынын дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Ата-энесинин айтымында 2020-жылдын 1-июлунда Дордой-1 конушунан чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.Эрлан Байышбек уулу 1999-жылы 17-августта туулган.
Белгилери: бою орто 160-165 сантиметр, кара кыска чачтуу.
Кийген кийимдери: аскердик көйнөк, кара футболка, аскердик чолок шым, бутунда кара спорттук бут кийимде.
Учурда аны издөө иштери уланууда. Эгерде жогоруда аталган баланы көргөн билгендер болсо, төмөнкү байланыш номурларына кайрылып коюңуздарды өтүнөбүз: 0(553)10-23-87, 0(702)49-88-88, 0(552)10-27-43, 0(557)119410, "102" же жакын жердеги милиция бөлүмүнө.
