super.kg logo

Вице-премьер менен БШКнын төрайымы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча даярдыктарды талкуулашты

 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун төрагалыгы астында шайлоо комиссияларына уюштуруу жана шайлоо өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин чечүүдө колдоо көрсөтүү боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев беришти.

Вице-премьер-министр белгилегендей, шайлоо участоктору материалдык-техникалык база менен камсыздалган, бул иш улантылууда.

"Бардык шайлоо участокторун шайлоого даярдоо толук кандуу жүрүүдө, тийиштүү материалдык-техникалык база даяр. Тармактык мамлекеттик органдар жарандардын шайлоого катышуусу үчүн биометрикалык каттоого алуу боюнча ишти жүргүзүүдө. Мындан тышкары шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча процесс уланууда. Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары иш алып бара турган маселелердин бири – шайлоо участоктору жайгашкан мекемелерде пандустарды орнотуу. Мен бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну өтүнөм. Пандемия шартында шайлоо процессинин бардык катышуучулары санитардык коопсуздук нормаларын аткарууга өзгөчө көңүл буруусу керек", - деп белгиледи Акрам Мадумаров.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар, анын ичинде өлкөдөгү жана өлкөдөн тышкары жүргөн Кыргыз жарандарын биометрикалык каттоого алуу боюнча ишти активдештирүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: