Өкмөт башчы: "Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө"






Аймактардагы ооруканаларда кошумча орундарды түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Тоң районунун Кара-Коо айылындагы оорукананын абалы менен таанышкан учурда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы сегиз миңге жакын жаранды медициналык жактан тейлеген саламаттыкты сактоо мекемесинде санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты. Дарыгерлердин айтымында, ооруканага кайрылган бейтаптар дары-дармекти дарыканадан эмес, электрондук негизде жеңилдетилген шартта алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Учурда электрондук кезек, телемедицина, оорулардын электрондук баянын иштеп чыгуу жумуштары жасалууда.
Премьер-министрдин айтымында, коронавирус пандемиясына, бюджеттик тартыштыкка байланыштуу түзүлгөн кырдаалга карабастан, өлкө аймактарында көп жылдан бери иштебей турган медициналык мекемелердин имараттары ондоп-түздөө, калктын ден соолугуна кам көрүү, өмүрүн сактоого багытталган иштер-чаралар аткарылууда.
"Учурда республика боюнча 12 медициналык объектте куруу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул ооруканалар заманбап жабдуулар менен жабдылат. Жумуштар бектилген график боюнча жүрүүдө. Аталган маселе президенттин жеке көзөмөлүндө", – деди өкмөт башчы.
Тоң районунун акими Данияр Арпачиевдин маалыматы боюнча, Кара-Коо айылындагы оорукананын экинчи кабатын толук бүткөрүү жумуштары башталды.
Премьер-министр медициналык мекеменин оңдоп-түздөө иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
