super.kg logo
  Саясат  

Ибрагим Жунусовдун депутат учурунда билим берүү тармагындагы таалуу маселелерди айтканы

 

Ибрагим Жунусовдун депутат учурунда билим берүү тармагы жөнүндө айтканын сунуштайбыз.

"Мен 2-3 маселеге токтолуп кетет элем. Биринчиден, билим берүү системи бүгүнкү күндө мамлекеттин коопсуздугун туудуруп жатат. Мына бүгүнкү күндө өкмөттө, парламентте отурган же жетекчикчилик кызматтардагылар Советтер Союзу маалында тарбияланып калгандар болсо, эртеңки келе жаткан күнү кандай муун бизди башкарат. Алар сабак окубай, компьютер, интернет клубдарда жүрсө кантип башкарат? Элге "Морской бойду" үйрөтөбү? Кантип башкарат? Ошондуктан, биринчи кезекте ишти балдар бакчасынан баштоо керек. Балдар бакчасы айыл жеринде 3 пайыз, шаарда 9 пайыз. Демек балдардын 88 пайызы мектепке такыр даярдыгы жок, алар такыр даярдыксыз келип мектепке отуруп калып жатышат. Балдар бакчасынын көбү сатылып кеткен. Сатылса сатылсын, жеке менчик болсун, бирок алар өз багытында иштебей сауна, чайкана болуп кетти. Муну өкмөт, министрлик көзөмөлдөшү керек болчу", - деген ал.






Ибрагим Жунусов бир нече жыл мурун эле билим берүү тармагынын талкаланышы жөнүндө айткан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: