super.kg logo

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусундагы ички жолдордун курулушу менен таанышты. Облус боюнча 15 чакырым жол капиталдык ремонттон өтүүдө

 

Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Ысык-Көл облусу боюнча 15 чакырым жол капиталдык ремонттон өтүүдө. Өкмөт башчы Тоң районун Бөкөнбаев айылындагы И.Тойчубеков жана Ж.Турусбеков атындагы көчөлөрдү асфальттоо иштерин көрүп чыкты.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул эки көчөнүнүн узундугу 3 чакырымды түзөт. Учурда кум, шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

"Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолууда. Жолдорду асфальттоодо сапатына өзгөчө көңүл буруу керек", - деди Кубатбек Боронов.

Андан соң өкмөт башчы Тоң районунун Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Кызыл-Туу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу боюнча долбоор менен таанышты. Бул айылдарда таза суу системасы эскиргендигине байланыштуу суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу системасы жок жерлерде жаңыларын орнотуу пландалууда. Учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: