Мугалимдердин август конференциясы өткөрүлөт
24-августта, мугалимдердин жана шаардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда "Билим берүүнү санариптештирүү-өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этаптары" конференциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул жылы COVID-19 өзүнүн өзгөчөлүктөрүн киргизип, мугалимдердин салттуу жолугушуусу онлайн режиминде өткөрүлөт.
"Биз мугалимдер менен билим берүү процессинин жаңы формасын уюштурууну жана сапаттуу билим берүүнү, ошондой эле 2019-2020-жылдардын жыйынтыктарын талкуулайбыз. Конференцияны мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева алып барат. Конференциянын программасы менен бул жактан таанышсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:19
2026-03-10
11:42
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















