super.kg logo

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров кызматынан бошотулду

 

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров кызматтан кетти. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы тастыктады.

Жумуштан кеткени тууралуу Амантуров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына да жазды. Маалыматка ылайык, ал парламенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алган.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта топтогон тажрыйбамды өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн колдоно алам деп ишенем", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Мирлан Амантуров кошумчалагандай, ал вице-мэр болуп 2019-жылдын октябрь айынан бери иштеп келет.

"Ушул убакыт аралыгында биз борбордо жаңы сейил бактарынды, жолдорду, тротуарларды, вело жолдорун, көчө жарыктандыруу боюнча ири долбоорлорду иштеп чыктык. Тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бардык аракетибизди жумшадык. Бул жооптуу кызмат мен үчүн чоң тажрыйба болду", - деп билдирген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Татьяна Кузнецова Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматынан шайлоого катыша турганын билдирип кеткен болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.08.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай кыйраткан турбайсыңбы, сага чейин эчким парк тротуарларды салбай жатышты эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: