Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулду
Президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоевдин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошону менен катар эле президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Алардын ыйгарым укуктарын аткаруусу 21-августтан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.