Бишкекте кармалган журналист Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүп берилди
9-агустта Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Абдуллаев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде каралган ченемдерге ылайык, чет мамлекеттердин жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо тартибин жөнгө салган, өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин негизинде Өзбекстанга өткөрүп берилген.
Бобомурод Абдуллаев Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.