super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус качан бүтөрүнүн болжолдуу убактысын айтты

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус дүйнөдө коронавирус пандемиясы эки жылга жетпеген убакытта жок болуп кетиши мүмкүн экендигин айткандыгын, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, уюмдун башчысы 1918-жылы испан тумоосу эпидемиясы эки жылга созулганын эскерди. Ал эми, COVID-19 жөнүндө айта турган болсок, ал азыр дүйнө жүзүндөгү байланыштардын саны көбөйгөндүктөн, вирустун жайылуу мүмкүнчүлүгү 100 жыл мурдагыга караганда жогору экендигин билдирген. Ошол эле учурда, Гебреисус азыркы учурда дүйнөдө инфекцияны токтото турган технология жана билим бар экендигин айткан.

"Ошондуктан, бул пандемияны эки жылга жетпеген убакытта жок кылабыз деп үмүттөнөбүз", - деген Гебреисус.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 22 миллион 949 миң 234 адамдан аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.08.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окумуштуулар, политиктер менен сүйлөшүп турат окшойт качан жок болушун.
22.08.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жегени эч нерсе жок болсо айтып койгулачы мен озумдун бир нерсемди берип жиберейи!
23.08.2020. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кыргызым,жогорудагы озунордун комменттерди окуп чыккылачы,кандай сабатсыз,ой-жугуртуусу томон эл элен...эми "жегени эч нерсе жок болсо меникин берип жиберейин" деген тантыктын созун карасанар,просто соз жок,орустар айткандай баран эле бойдонсунар!!!)
Теманы окугула,БОЛЖОЛДУУ убактысы дейт,демек так жмес примерный убактысы,божомол жон гана.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: