Кубатбек Боронов: Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес




Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында "Таза суу" долбоору менен таанышкан учурда билдирген.
Билдирүүгө ылайык, суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 7 миң киши жашаган Дархан айылындагы суу системи 2003-жылы реабилитациядан өткөн.
"Калктын саны өсүп жатканына байланыштуу кошумча суу түтүктөрүн тартылууда. Буга чейин суу булактан түз тартылып келген. Ал соолуп калгандыгына байланыштуу суу бургалоочу жай курулду. Ушул жылдын сентябрь айынын аягында бардык иштер толугу менен бүткөрүлөт", - деди Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов.
Премьер-министр жылдын аягына чейин өлкө боюнча 79 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болорун белгиледи.
"Калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багытта бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы "Таза суу" долбоору боюнча курулуп жаткан жана курула турган суу курулмаларынын сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи.





1 |